"Ооруп калды" делген казак президенти жумушка чыкты

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

21-июлда "Хабар" каналы Н.Назарбаевдин Астанадагы жыйындагы сөзүн көрсөттү. "Операция жасалды" деп жоромолдонуп жаткан казак президенти камерага шайдоот карап сүйлөдү. Тасманы жүктөгөн окурман: Сурмерген. 21.7.11. ЭЕ/АҮ Казак кызматы.

Казакстандын президентинин маалымат кызматы билдиргенге караганда, кечээ (21-июлда) президент Нурсултан Назарбаев өзү жыйын өткөрүп, өлкөнүн азыркы экономикалык абалын талкуулады.

Азырынча Казакстандын расмий өкүлдөрү президент Назарбаев "оорудан дарыланган болушу мүмкүн" деген имиш кабарларга жооп кайтарыша элек.

Өкмөттүн буга чейинки маалыматында президент эс алууда экени гана айтылган болчу.

Ушул аптанын башында Германиядагы Bild басылмасы Нурсултан Назарбаевге Германиянын шаарларынын бириндеги ооруканада операция жасалганын кабарлаган.