Алижан Насировдун “Кыштоо” тасмасы Эстонияда сыйлыкка татыды

Кинотаануучу Гүлбара Төлөмүшованын билдиришинче, кыргызстандык кинорежиссер Алижан Насировдун “Кыштоо” аттуу кыска метраждуу тасмасы Эстонияда өткөн 25-эл аралык кинофестивалда сыйлыкка ээ болду.

Кыргызстандын алыскы райондорундагы топоз баккан үй-бүлөнү сүрөттөгөн “Кыштоо” тасмасы “адам менен жаратылыштын байланышын көрсөткөн мыкты фильм” деп табылды.

Алижан Насировдун бул тасмасы буга чейин бир нече эл аралык фестивалдарда сыйлыктарга ээ болгон. (KKs)