Өкмөт башчы Баткенге барат

Премьер-министр Алмазбек Атамбаев 20-июлдагы зилзаладан көбүрөөк жапа чеккен аймактарга барып, жер титирөөнүн кесепеттери менен таанышат. Ошондой эле ал жергиликтүү эл менен жолугушары да айтылууда.

20-июль түнү Кыргызстандын түштүгүндө жер титиреп, Совет айыл округунда күчү 7-8 баллга жеткен. Баткен, Кызыл-Кыя, Ноокатта 6 балл, Ош шаарында 5,5 балл, Таш-Көмүрдө 4-5 балл, Бишкекте 3-4 баллды түзгөн. Силкинүүнүн кесепетинен 4107 турак-жай жана башка социалдык имараттар жараксыз абалга келген.

Жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам берүү үчүн 257 млн. сомдон ашуун каражат талап кылынат деп маалымдайт өкмөттүн басма сөз кызматы. (ZKo)