FIFA: Кыргыз футболу Борбор Азияда эң чабал

Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) жаңы жүргүзгөн рейтинги боюнча, Кыргызстандын футбол командасы мурдагыга караганда 10 позицияга төмөндөп, учурда 179-орунга ээ болду. Бул тууралуу федерациянын расмий сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Орто Азиядагы мамлекеттердин ичинен  83-орунду ээлеп Өзбекстан алдыда турат.  Мурдагы рейтинг менен салыштырганда, өзбектер 3 позицияга жогорулашкан. Ал эми Казакстан ордунан жылган жок - 126 орунда, Таджикистан 7 пунктунан ажырап, 142-орунда утрса, Түркмөнстан 138-орунда.

Өзбекстан менен Кыргызстан курама командалары бүгүн Бишкекте, Спартак стадионунда беттешет. 23-июлда Ташкентте өткөн Кыргызстан менен Өзбекстан  командаларынын беттешинде кыргызстандык футболчулар 4:0 эсебинде утулуп калган. (КЕ)