ИИМ: Кылмыштуулук менен күрөшүүнүн экинчи этабы башталат

Бул тууралуу бүгүн ички иштер министри Зарылбек Рысалиев министрликтин жарым жылдык иш планын талкуулаган жыйында билдирди. Анын айтымында, уюшма кылмыштуу топтун өкүлү делген адамдардын негизги бөлүгү кармалды. Экинчи этабында алардын байланыштары жана каржылоо маселелери иликтөөгө алынмакчы.

ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Бакыт Сеитовдун айтымында, жыл башынан бери 175 уюшма кылмыштуу топтун өкүлү делген адамдар кармалган. Аларга байланыштуу 60ка чукул кылмыш иши козголгон. (КЕ)