Казакстанда өрттө 3 бала мерт болду

Ак Төбө облуcунун Кандыагаш шаарындагы 5 кабат үйдө чыккан өрттөн 3 бала мерт болду. Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсүндө күйүктөн, истен жабыркаган эки бала, эки чоң киши ооруканага жаткырылды.  

Өрт болгон үйдөн 55 киши сыртка чыгарылып, кырсыктын себептери такталууда.