Италия Сириядан элчисин чакыртып алды

Италия тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө Евробиримдиктин бардык өлкөлөрүн Сириядагы чабармандарын чакыртып алууга үндөдү.

Сирияда президент Башар-ал-Ассаддын бийлигине каршы чыккандарга өкмөттүк күчтөрдүн айосуз репрессиясы күч алууда.  
 
Дүйшөмбүдө Орозонун биринчи күнү экендигине карабастан, өкмөттүк күчтөр демонстранттарга каршы зордук-зомбулукту улантты. Өткөн жума соңунда бийликке каршы демонстрациялар маалында жоон топ адам өлтүрүлдү.  

Бүгүн Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Сириядагы кризисти талкуулоону улантат.