Жогорку Сот судьялыгына кошумча сынак 15-августтан соң өтөт

Жогорку Сот судьялыгына калган 6 бош орун боюнча талапкерлер арасында сынак 15-августтан кийин жарыяланат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти. Сынак Жогорку Кеңеш Сотторду тандоо кеңеши Конституциялык палата жана Жогорку Сотко көрсөткөн талапкерлерди карап чыккан соң жарыяланат.

4-августта Сотторду тандоо кеңеши Жогорку Соттун судьялыгына 29 талапкерди тандаган. Жогорку Соттогу судьялык орундардын саны азыр 35 экендигин эске алганда, дагы алты орун бош калган эле. (EK)