Данияда күрт тилдүү каналдын иши сотто каралууда

Копенгагенде күрт тилдүү телестанцияга каршы сот башталды. Даниянын телерадиоугуулар мекемесинин лицензиясы менен иштеген станция террордук топту рекламалоодо деп айыпталууда.

Прокурордун ырастоосунда, Roj-TV Күрттөрдүн жумушчу партиясын – ПККны даңазалоодо. Уюм АКШ жана Түркия тарабынан террордук топтордун тизмесине киргизилген.

ПККнын козголоңчулары Түркиянын түштүгүндө автономия үчүн компания жүргүзүп келатат. 1984-жылдан бери жаңжалда он миңдеген киши набыт кетти.

Станциянын адвокаттары телеканал уюмду рекламалоодо деген кинени четке кагышууда. Прокурор каналдын лицензиясын алып, айып пулга жыгууну талап кылууда.