1-сентябрда ЖК кезектеги сессиясына чогулат

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаттары 1-сентябрда кезектеги экинчи сессиясына чогулат. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымат таратты. Парламент жыйындары мурдагыдай эле 90.2 жыштыгындагы “Парламент FM” радиосу аркылуу түз уктурулат. (EK)