АКШ: "Айрин" ураганынан каза болгондордун саны 44кө жетти

 АКШнын Атлантика жээгиндеги «Айрин» ураганынан 10 штат жабыркап, каза болгондордун саны 44кө жетти.  Электр энергиясыз калган кишилер 5 млн.дой.
АКШынын түндүк-чыгыш штаттарында алды менен Вермонте  жана Нью-Гэмпширде жаан катуу селди пайда кылды. Кырсыктын кесепеттерин четтетүү бир нече айларга созулушу мүмкүндүгү айтылууда. Келтирилген чыгым бир нече млрд. долларды түзөт.