Каптагаев Жапаровдун сөзүн четке какты

Президент аппаратынын жетекчиси Эмилбек Каптагаев депутат Садыр Жапаровдун бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында айткан кептери негизсиз экендигин “Азаттыкка” билдирди. Мындан тышкары 15-августтагы митингди уюштурбаганын ачыктап, “Мегаком” чуусунда Садыр Жапаровдун эжеси сот жообуна тартылып жатканын, натыйжада курулай жамандоонун арты менен Жапаров өзүнүн кандайдыр бир кызыкчылыгын коргоп жатканын кабарлады:

“Бул жерде кайра эле ошол Садыр Жапаровдун саясатташтырып, ушул абалдан өзүн жапа чеккен каарман катары көрсөтүү аракети. Негизи өзүнүн жеке кызыкчылыгын, жеке керт башы менен эжесинин эле кызыкчылыгын көздөй жатат”,-деди Эмилбек Каптагаев.

Президент аппаратынын жетекчиси “Витязь” пансионатында чындап эле туугандары иштерин, бирок алар мыйзам чегинде иштеп жатканын кошумчалады.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Садыр Жапаров “Каптагаев 15-августтагы митингди уюштуруп, парламенттин кезексиз жыйынын үзгүлтүккө учуратууга аракет кылган”, “Ысык-Көлдөгү “Витязь” пансионатында Каптагаевдин жакын туугандары акчаны өз чөнтөгүнө салып жатышат”, “Мегакомдун” акцияларына байланыштуу Каптагаевдин жеке кызыкчылыктары бар” деген айыптоолорду айткан.(KKs)