Баалуу кагаздардын өтүмдүүлүгү начарлоодо

Өткөн аптада эл аралык фондулук рынокто башталган капсалаң уланууда. Дүйшөмбү күнү түштөн кийин Европанын негизги баалуу кагаздар рыногундагы сооданын көлөмү 4 процентке төмөндөп, андан банктардын акциялары өзгөчө зыян тартты. Азия рыногу да алсыроодо. Жапондордун Никей индекси бир күндө 2 процентке ылдыйлады. Фондулук рыноктогу соода бейшемби күнү начарлай баштаган. Бул дүйнөлүк экономиканын өсүүсү жетерлик күчтүү болбойт, евромейкиндиктеги борч кризиси дагы уланат деген чочулоону күчөттү.