Турсунбек Акун: Тоталитардык ой жүгүртүү дагы эле бар

Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун бүгүн белгиленип жаткан эл аралык Демократия күнүнө карата жасаган билдирүүсүндө өлкөдө тоталитардык ой жүгүртүү дагы эле уланып жатканын айтты.

Кыргызстан "демократиянын аралчасы" деген аталышына толук татыктуу экенин айткан акыйкатчы соңку 20 жыл ичинде 2 элдик революциянын болушу көптөн кабар берээрин баса белгилеген. Бирок эскиче жашоого көнүп калган бюрократия өкүлдөрү Кыргызстандагы демократиянын жолунда бир топ тоскоолуктарды жараткан деп эсептейт Турсунбек Акун.

2007-жылдын 15-сентябрында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында кабыл алынган чечимге ылайык, бугүн эл аралык Демократия күнү белгиленин жатат.(RK)