Убактылуу кармоочу жайларда абал оор

Кылмышка шектүү делгендерди убактылуу кармоочу жайларда абал өтө оор. Депутаттар, укук коргоочулар, милиция кызматкерлери кирген атайын жумушчу топ ушундай тыянакка келди. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы маалымдайт.

Парламенттик комитеттин демилгеси менен түзүлгөн бул топ мүчөлөрү Бишкектеги ар бир райондук ички иштер бөлүмүндө болушту. Учурда Жалал-Абад облусун кыдырууда. Негизги көйгөй- каржылоонун жетишсиздиги. Ошого жараша кармоо шарттары да начар. Мисалы, Аксы районунда кармалган бир адамга суткасына 38 сом бөлүнөт. Ош, Баткен облустарын кыдырып чыккандан кийин жумушчу топ Административдик кодекске өзгөртүү киргизүү жана убактылуу кармоочу жайларда шарттарды жакшыртуу боюнча сунуштарын берет. (RK)