Улут аралык ынтымакка арналган телемарафон өтөт

Эртең Бишкекте улуттар аралык ынтымакты, биримдикти бекемдөөгө арналган телемарафон өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн парламент жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Сабиров маалымдады. Иш-чара "Дилибиз бир, тилибиз бир" деген ураан астында өтөт. Аны Кыргызстан элинин ассамблеясы уюштуруп жатат. Кыргызстанда 80ден ашуун улуттун өкүлдөрү жашашат. Былтыр Ош жана Жалал-Абад облустарында кыргыз жана өзбек улутундагылардын арасында чыккан жаңжалда 400дөн ашык адам набыт болгон. (RK)