Рим папасы Берлинде мусулман лидерлер менен жолукту

Рим папасы Бенедикт XVI өз мекени Германияга болгон иш сапарынын 2-күнүндө мусулмандар диаспорасынын лидерлери менен жолукту. Бул өлкөдө 4 миллиондой мусулмандар жашайт.

Дүйнөдө бекем жана коопсуз коомду камсыз кылуу үчүн дүйнөдө ислам динин тутунгандар менен христиандар өз ара сыйлоо жана кызматташууну түшүнүү зарылдыгы баса белгиленди.