ЖК комитетте кайрылмандын жарандыгы боюнча мыйзам долбоору жактырылды

Башка мамлекеттерде жашаган кыргыздардын өз мекенине кайтып келип, Кыргызстандын жарандыгын алуусун жеңилдетүү сунушталууда. Бул боюнча мыйзам долбоору бүгүн парламентте комитет жыйынында жактырылды. Эгер бул мыйзам кабыл алынса, кайрылмандар жарандык алууда мамлекеттик пошлиналардан жана консулдук төлөмдөрдөн бошотулат. “Кайрылман” программасынын иши жетиштүү эмес экени, мамлекет тарабынан ага бир да тыйын бөлүнбөй жатканы айтылып келүүдө. (RK)