Египетте парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленди

Мындай чечимди кечээ өлкөнүн аскерий бийликтери чыгарды. Ага ылайык, парламенттин төмөнкү - Мыйзам чыгаруу палатасына шайлоо 28-ноябрга белгиленди. Бул отуз жыл ашуун президенттик кылган Хосни Мубарак бийликтен кулагандан кийинки алгачкы шайлоо болот. Ал эми парламенттин жогорку палатасына шайлоо келерки жылдын 29-январында өтөт.