Табалдиев: Жаныш Бакиевдин келгени боюнча маалымат так эмес

Жаныш Бакиев Кыргызстандын аймагында Адахан Мадумаров жана Элмурза Сатыбалдиев менен жолуккандыгы тууралуу маалымат так эмес. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн пресс-конференцияда президенттик аппараттын коргоо жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Бусурманкул Табалдиев айтты. "Эгер ал чын эле келген болсо биздин тиешелүү органдар билет эле да", -деди ал.

Бир жарым ай мурда Оштун Өзгөн районуна караштуу Салам-Алик айылында мурдагы президенттин иниси Жаныш Бакиев менен мурдагы Баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев жана "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров жолугуп, чай ичишкен деп 21-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Калмаматов айтып чыккан.

Апрел окуяларына чейин Мамлекеттик күзөт кызматын жетектеп келген Жаныш Бакиевге 7-апрелде Бишкекте митингчилердин өлтүрүлүшүнө байланыштуу кине тагылган. Андан тышкары бийликтегилер аны президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловду өлтүрүүгө буюртма берген деп күнөөлөп жатышат. Жаныш Бакиевге эл аралык издөө жарыяланган. (RK)