Варшавада Азимжан Аскаровду колдогон акция өттү

ЕККУнун Варшавадагы жыйынында абактагы укук коргоочуну бошотууга чакырык жасалды. Абактагы Азимжан Аскаровду колдогон акцияны Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун Польша борборундагы жыйынында кыргызстандык укук коргоочулар жана алардын пикирлештери өткөрүшүп, бийликти аны бошотууга чакырган кайрылуусун окушту. Бул тууралуу “Азаттыкка” акциянын уюштуруучулары кабарлашты.

Өзбек тектүү укук коргоочу Азимжан Аскаров Базар-Коргондо былтыркы улут аралык жаңжал учурунда массалык башаламандык уюштурган, улут аралык кастыкты козуткан, милиция кызматкерин өлтүрүүгө катышкан деген айып менен өмүр бою түрмөгө кесилген. Аскаровдун өзү жана укук коргоочулар ал күнөөсүз экендигин айтып келишүүдө. Жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдары кыргыз бийликтерин Аскаровду бошотууга буга чейин да бир нече ирет үндөшкөн. (UE)