Орусияда ЛДПРдин шайлоо тизмесин БШК каттоодон баш тартты

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн Либерал-демократтар партиясынын шайлоо тизмесин каттоодон баш тартты. Документтер боюнча кетирилген катачылыктарды жоюуга үч күн берилди. Мамлекеттик Думанын алтынчы чакырылышын шайлоо 4-декабрда өтөт. (RK)