“Ал-Кайиданын” бомба жасоочуларынын устаты өлтүрүлдү

“Ал-Кайиданын” АКШга эң чоң коркунуч туудурган беделдүү мүчөсү деп эсептелген Анвар ал-Авлаки менен кошо террорчул уюмдун башкы бомба жасоочусу Ибрагим ал-Асири да жок кылынганын америкалык эки ырасмий булак билдирди. Алардын чалгындоо кызматтарына шилтеп айтышынча, жума күнү Йеменде АКШнын пилотсуз учагынын чабуулунан теги саудиялык ал-Асири да өлгөн.

2009-жылы 24-декабрь же Кристмас күнү америкалык учактагы ишке ашпай калган жардыруу жана былтыр жүк тартуучу учак жардырылмак болгондо ал-Асири жасаган жардыргычтар колдонулган дешет эксперттер.