Орусияда карыялар үйүндөгү өрттөн эки адам набыт болду

Кострома регионундагы жергиликтүү бийликтер дагы эки кишини издеп жатышканын айтышты. Бүгүн таң эртелеп Тихон шаарчасындагы карыялар үйүндө тамеки тартылчу бөлмөдө өрт чыгып кеткен. Анда жашаган 14 кишинин калгандары ооруканага жаткырылды. Өрткө эмне себеп болгону азырынча тактала элек, бирок, айрым маалымат агенттиктери, буга чейин өрткө көзөмөл кылуу органы бир нече жолу бул имаратта коопсуздук эрежелери сакталбаганын эскертип кетишкенин жазышууда.