Украина: Юлия Тимошенко жети жылга түрмөгө кесилди

Өкүмдү мурдагы премьер-министрге каршы ачылган кылмыш ишин караган сот Родион Киреев бир нече мүнөт мурдараак чыгарды. Тимошенкону сот “2009-жылы Орусия менен газ боюнча келишимге кол койгондо бийлигинен пайдаланган” деп таап, анын натыйжасында "Нафтогаз" ишканасы дээрлик 200 миң доллар жоготууга учураганын айткан. Мурдагы премьер өзү ага тагылган кылмыш ишинде “саясий өңүтү” бар деп эсептейт жана бир да айыпты мойнуна алган жок.