Отунбаева: Аялдар биздин элибизде эң мыкты лидерлик сапаттарга ээ

“Аялдар биздин элибизде эң мыкты лидер сапаттарына ээ экендигин айтып, аларга татыктуу баа бериш керек”, - деди президент Роза Отунбаева бүгүн Ошто Уркуя Салиеванын мааракесине арналган илимий-практикалык конференцияда сүйлөгөн сөзүндө.

Эртең Ноокат районунда Салиеванын 100 жылдыгына арналган чоң маараке өтөт.Уркуя Салиева 1932-жылы Коммунисттик партиянын катарына өтүп, Кыргыз автономиялык республикасынын Борбордук аткаруу комитетинин мүчөсү, “Кызыл-Аскер” колхозунун башкармасы болгон. 1934-жылы басмачылардын колунан каза тапкан. (RK)