Францияда социалисттерден президенттикке Франсуа Олланд көрсөтүлөт

Францияда кечээ социалисттик партиянын “праймериз” - ички сынамык шайлоосунда Франсуа Олланд жеңди. Эми ал социалисттердин атынан келерки жылы президенттикке ат салышат. Кечээги “праймеризде” Олланд “социалисттик партиянын идеясын колдойм” деген шайлоочулардын 56% добушун алган. Анын атаандашы, партиянын азыркы лидери Мартин Обри 44% добушка ээ болгону кабарланууда.
Францияда АКШдагыдай праймериз жолу менен талапкерди тандоо алгачкы жолу өттү. Ага 2 млн.700 миңдей адам катышты. Өлкөдө коомдук пикирди билүү үчүн жүргүзүлгөн сурамжылоолорго караганда, Олланд да, Обри да азыркы президент Николя Саркозини келерки жылкы шайлоодо утууга жакшы мүмкүнчүлүгү бар.