Жалал-Абад: Сотторго нааразы болгондор облбийлик алдында турушат

Жалал-Абад облустук бийликтин алдында бир сааттан ашык убакыттан бери жетимиштей адам чогулуп турушат. Бул тууралуу кабарчыбыз Ырысбай Абдраимов билдирди. Алар облустук администрацияда боло турган талкууну күтүп турушат. Арыз-даттанууларын канааттандырбады дешип, шаардык жана облустук сотторго нааразы болушууда. Кечээ митинг өткөрүшкөндө облбийликтин укук коргоо органдары боюнча бөлүм башчысы Кадырбек  Бечелов  аларга “ маселеңерди  19-октябрда саат 15те облустук бийлик жана сот, прокуратура, ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен чогуу талкуулайбыз“- деп убада берген. “Сотторду тазалоо” кыймылынын облустагы өкүлү Арстанбек Жээнбеков сот реформасын жана облустук соттун кызматтан кетүүсүн талап кылаарын билдирди. (YA/RK)