Кыргызстанда БУУ күнү белгиленет

Бишкекте Токтогул атындагы улуттук филармонияда Бириккен Улуттар Уюмунун күнүнө арналган иш-чара өтөт. Ага президент Роза Отунбаева баштаган бийликтин, эл аралык жана  жергиликтүү уюмдардын өкүлдөрү катышмакчы.

21-октябрда Нью-Йоркто БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгү үчүн шайлоодо Кыргызстандын талапкерлиги өтпөй калды. 

Кыргызстан БУУга 1992-жылдан бери мүчө, уюмдун курамында учурда 190дон ашык мамлекет бар. (EBM)