Бишкектиктерге бүгүнтөн тарта жылуулук берилет

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. 25-октябрда өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов энергетика министри Аскарбек Шадиевден кышка даярдык боюнча маалымат алып, тапшырмаларды берди.

Адатта жылуулук 1-ноябрдан тарта берилчү. Бишкектен башка аймактардагы үйлөр да жакынкы күндөрү жылытыла баштайт. (EBM)