Жаштар уюму кыргыз саясатчыларын мыскылдаган акция өткөрдү

"Кебел" жаштар уюму кыргыз саясатчыларын мыскылдаган акция өткөрдү. Иш-чара бүгүн Жогорку Кеңештин алдында уюштурулду. Кабарчыбыздын маалымдашынча, ондогон жаштар президенттин, спикердин жана башка саясатчылардын сүрөтү тартылган маскаларды кийип алып, Бишкектин борбордук аянтына чыгышкан. Жаштар саясый оюндардын токтотулушун, өлкөнү бөлүп-жаруу аракеттери болбошун талап кылышты. (JAk/RK)