Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү соода өкүлчүлүктөрү жабылат

Кыргызстандын чет мамлекеттердеги соода өкүлчүлүктөрү жоюлат. Бул тууралуу өкмөттүн токтому кабыл алынды. Аларды каржылоого жылына 9 миллион сомдон ашык акча сарпталчу. Мындан ары чет мамлекеттер менен соода-сатык маселелерди жөнгө салуу милдети элчиликтерге жүктөлөт. (RK)