Жаңылыктар Москвада Чоң театр ремонттон кийин кайра ачылууда 28-Октябрь, 2011 Орусиянын Чоң театрында бүгүн алты жылдан кийин көшөгө көтөрүлөт. Жалаң чакыруу менен келген конокторго опера жана балет коюлат. Салтанатка президент Дмитрий Медведев чакырылган. Тарыхый имаратта акыркы жолу 2005-жылдын июлунда оюн болгон.