Аба ырайы

Аба ырайын маалымдоочу борбордон кабарлашкандай, 30-октябрда Кыргызстандын айрым аймактарында жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1..-6 градус сууп, күндүз 2..7 градус жылуу болот. Таласта түнкүсүн -2..-7 градуска төмөндөп, күндүз 0..5 градуска чейин жылыйт. Баткенде түнкүсүн -3..+2, күндүз 3..8 градус жылуу болот. Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн -1..+4, күндүз 4..9 градус жылыйт. Ысык-Көлдө түнкүсүн -4..+1 градус, күндүз -1..+4 градуска чейин көтөрүлөт. Тоолуу Нарында түнкүсүн -2..-7, күндүз -1..+4 градус жылыйт.

Борбор калаа Бишкекте түнкүсүн жаан жаайт, күндүзү дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түндө -3..-5 градус суук, күндүз 3..5 градус жылуу болот.