Тизмелер боюнча проблема бар экенин акыйкатчы да айтты

Акыйкатчы Турсунбек Акун Бишкектеги бир катар добушканага өзү барып, добуш берүүнүн жүрүшүнө көз салды. Анын айтымында, көпчүлүк жерлерде добуш бергени келген шайлоочулар өзүлөрүн тизмеден таппай, добуш бербей калышты. Бул тууралуу Акун Боршайкомго билдирди.

БШК мүчөсү Ишенбай Кадырбеков мындай проблема бар экенин "Азаттыкка" бүгүн тастыктаган. Анын айтымында, көпчүлүк учурда добушканадагы шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн шалаакылыгынан улам ушундай көрүнүштөр пайда болду. Бирок алар шайлоонун жалпы жыйынтыгына таасир бере албастыгы айтылды. (RK)