Шайлоонун алдын ала жыйынтыктары эртең белгилүү болот

Бүгүнкү добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары эртең белгилүү болуп калат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Боршайкомдон билдиришти.

"Шайлоо" мамлекеттик автоматташтырылган системасы аркылуу БШКнын сайтында добуш берүүнүн жүрүшү ар бир үч саат сайын жаңыланып берилип жатат.

Ал эми кайсы талапкер канча добуш алганы тууралуу маалымат саат 19да добушканалар жабылгандан кийин гана белгилүү боло баштайт. Бул боюнча алгачкы маалыматтар Боршайкомдун интернеттеги сайтында жана КТРК аркылуу саат 20:00дө, 24:00дө жана эртең саат 8:00дө түз эфирде айтылат.

Шайлоонун расмий жыйынтыктары, мыйзам боюнча, 20 күндүн ичинде чыгууга тийиш. (RK)