Түштүктө кырдаал тынч

Кыргызстандын президентин шайлоо жараяны түштүктө тынч өттү. Бул тууралуу Ички иштер министринин түштүк боюнча орун басары Курсан Асанов бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтуусуна караганда, шайлоодон кийинки кырдаал да тынч, эл күнүмдүк турмушту баштан кечирүүдө.

30-октябрь күнү Баткен, Жалал-Абад, Ош аймактарында милиция жана башка күч кызматтары күчөтүлгөн тартипте иш алып барышкан. Аларга элдик кошуундун жигиттери да көмөктөшкөн.(ErN,ZKo)