Отунбаевага берилген белектердин көргөзмөсү ачылды

Бүгүн Бишкектеги Тарых музейинде президент Роза Отунбаевага президенттик кызматта турганда берилген белектердин көргөзмөсү ачылды. Расмий маалыматка ылайык, анда 80ден ашуун белек-бечкек коюлган. Алардын арасында Корея Республикасынан алган алтын таажы, казак президенти Нурсултан Назарбаев берген алтын менен ою чөгөрүлгөн ак фарфор чыны-чайнек өңдүү баалуу буюмдар бар.

Тарых музейинде мамлекет башчыларга берилген сыйлыктар 1950-жылдан бери сакталып келет.

Отунбаева өлкөнү 1,5 жылдай башкарды. Кыргызстандын эгемен тарыхында бийликте турган кезде президенттик шайлоого катышпай, кызматын тынч жол менен өткөрүп берген алгачкы президент болуп калды. (EBM)