Каптагаевге саясий баа берүү талабы айтылууда

Мындай демилгени Жогорку Кеңештин 3-ноябрдагы жыйынында депутат Айнуру Алтыбаева көтөрүп чыкты. “Соңку учурларда чыр-чатактуу кандай окуя болбосун президенттин аппарат жетекчиси Эмилбек Каптагаевдин аты аталууда. Ошондуктан буга саясий баа берилиш керек”, – деп билдирди “Азаттыкка” Алтыбаева.

Ушул эле күнү депутат Садыр Жапаров Каптагаевди 6-октябрда болгон митингчилерге акча тараткан деп күнөөлөгөн. Ушул маселелерди карап чыгуу өтүнүчү Жогорку Кеңештин Коопсуздук жана коргонуу комитетине тапшырылды.

Буга байланыштуу Каптагаев менен байланышуу мүмкүн болгон жок. (КЕ)