Грекияда премьер-министрликке талапкер аныкталды

Грекиянын жаңы премьер-министри улуттук биримдик түзгөн коалициялык өкмөттү башкарат.
Мамлекеттик NET телеканалы жаңы өкмөт башчы менен кабинет мүчөлөрүнүн ысымдары шаршембиде жарыялана тургандыгын кабарлады.

Ага чейин учурдагы премьер-министр  Георгис Папандреу менен башкы оппозициялык партияныны лидери Антонис Самарас сүйлөшүүсү керек.
Жаңы түзүлгөн коалициялык өкмөттүн максаты- өлкөдө чукул шайлоо өткөрүү жана Евробиримдик менен Эл аралык валюта корунан каржылык көмөк алуу. Учурдагы грек экономикасы тышкы көмөксүз кыйроо коркунучунда турат.