Аба ырайы: 12-ноябрда жаан-чачын болбойт

12-ноябрда Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу аймактардын автожолу тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метр.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн   -3...+2, күндүз  10...15,
Талас облусунда түнкүсүн   -2...-7, күндүз  8...13,
Баткенде түнкүсүн -1...+4, күндүз  8...13 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн   -1...+4, күндүз 9...14,
Ысык-Көлдө түнкүсүн   -2...+3 градус, күндүз  5...10,
Нарында түнкүсүн   0...-5, күндүз  3...8.
Тоолордо түнкүсүн   -12...-17 градус, ал эми күндүз  0...-5.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метр. 

Абанын температурасы түнкүсүн  0...2 градус суук, күндүз 12...14 градус  жылуу болот.