Адам укугун коргоо ишине өз салымын кошкон кыргызстандык жарандар "Акыйкат" медалы менен сыйланышат. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын акыйкатчысынын маалымат кызматынан билдиришти. Медал, Ардак грамота жана Ыраазычылык каттар 10-декабрь - Адам укуктарынын эл аралык күнүндө тапшырылат. Адатта мындай сыйлыктарды акыйкатчы жыл сайын укук коргоочуларга, журналисттерге жана мамлекеттик кызматкерлерге тапшырат. Учурда Кыргызстанда адам укуктарынын бир айлыгы өтүп жатат. (RK)