Обама Кытай менен Орусия да Ирандын өзөктүк куралга жетишине каршы экендигин айтты

АКШ президенти Барак Обаманын айтымында, Кытай менен Орусия Иран өзөктүк программасын атомдук бомба жасоо үчүн колдонбой турганынын кепилдөө боюнча максатта АКШга тилектеш.

Ал бул тууралуу Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык уюмунун Гавай штатынын борбору Гонолулу шаарындагы саммитинин соңунда билдирди.

Обама кошумчалагандай, анын администрациясынын өкүлдөрү Иран өзөктүк куралга ээ болбошун кепилдөөнүн жолдорун Кытай жана Орусия менен талкуулайт.

Саммит учурунда орус президенти Дмитрий Медведев, Кытай төрагасы Ху Цзиньтао менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн Барак Обаманын айтымында, ал Ирандын маселесин дипломатиялык жол менен чечүүгө артыкчылык берет, бирок “эч бир ыкманы күн тартибинен албайт”.

Атом энергетикасы боюна эл аралык агенттик – МАГАТЭ өткөн аптадагы баяндамасында Иран өзөктүк бомбанын моделин даярдоо үстүнөн иштегенин, мындай изилдөөлөр али улантылып жатышы мүмкүндүгүн белгилеген.

Иран болсо МАГАТЭнин баяндамасын айыптап, анын тыянактарын четке каккан. Тегерандын ырастоосунда, өлкөнүн өзөктүк программасы тынчтык максатты гана көздөйт.