Кабулда теракт даярдап жаткан киши өлтүрүлдү

Ооганстандын коопсуздук күчтөрү Лойя Жырга же улуттук курултай өтө турган имаратка жакын жерде жан кечти деп шектелген адамды атып өлтүрүштү. Ички иштер министрлигинин өкүлү маалымдагандай, жардыргыч заттар толтурулган баштыкты көтөрүп бараткан адам чабуулду ишке ашырмакчы болгон жеринен өлтүрүлгөн. Кечээ Талибан курултайдын коопсуздугун камсыздоо боюнча план делген картаны жарыялаган. Өкмөт талиптер жыйынга катыша турган элдин үрөйүн учуруу амалында жалган маалымат таркатууда деп айыптады. Лойя Жырга ушул шаршембиде Кабулда ачылууда. Ага 2 миңдей уруу аксакалдары, саясатчылар катышмакчы. Алар Ооганстандын АКШ менен узак мөөнөттүү мамилелерин, козголоңчулар менен элдешүү аракеттерин талкууулашат.