Түштүк Осетияда президенттик шайлоонун 2-айлампасы болот

Грузиянын жикчил Түштүк Осетия жумуриятындагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасы 27-ноябрда өткөрүлөт. Борбордук шайлоо комиссиясы Кремль колдогон талапкер -  чукул кырдаалдар министри Анатолий Бибилов жана мурдагы билим берүү министри Алла Джиоева 25 проценттен добуш алганын маалымдады.

Кечээки айлампага шайлоочулардын 66 проценти катышты. Жумурияттын мурдагы лидери Эдуард Кокойты мыйзам боюнча 3-мөөнөт үчүн ат салыша алган жок.

Грузия кечээки добуш берүүнү мыйзамсыз деп атады.
Орусиядан тышкары жикчил аймактын көз карандысздыгын 5 чакты өлкө тааныган.