Ош: ВИЧке чалдыккан балдардын ата-энелеринин митинги

Ошто 2007-жылы медиктердин шалаакылыгынан ВИЧ жуктуруп алган наристелердин ата-энелери күнөөлүү дарыгерлерди жазага тартуу кечиктирилип жатканына нааразы болуп, митингге чыкты. 14-ноябрь, 2011-жыл.

Алар мамлекеттен илдетке чалдыккан ар бир бала үчүн 1 миллион сомдон кун төлөөнү жана бирден батир берүүнү да талап кылды.

2007-жылы Ноокаттагы ооруканада балдарга массалык түрдө СПИД оорусунун жуктурган деген айып менен 30дай дарыгер кармалып, үчөө төрт-беш жылдан түрмөгө кесилген.

Ош облусунда учурда ВИЧ СПИД илдетине чалдыккан 150дөй бала каттоодо турат.