Кыргызстанда Орусия маданий күндөрү өтөт

Иш-чара бүгүн Бишкек жана Кант шаарларында башталып, 19-ноябрда аяктамакчы. Маданият министрлигинин билдиришинче, анын алкагында орусиялык чыгармачыл топтор өнөрлөрүн тартуулайт, кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган талкуу уюштурулат,  кечелер болот. (EBM)