Балдарына ВИЧ жуккан энелер Бишкекте акцияга чыгат

Бул тууралуу дарыгерлердин шалаакылыгынан балдары ВИЧке кабылган ата-энелер “Азаттыкка” билдиришти. Алар Ошто 14-ноябрда митингге чыгып, дарыгерлерди жазалоону, ар бир балага 1 миллион сомдон кун төлөөнү жана бирден үй берүүнү талап кылышкан болчу. Маалыматка караганда, Ошто дарыгерлердин айынан ВИЧти жуктуруп алган балдар саны 200дөн ашат. (EBM)