Кремлде Евразия экономикалык биримдигин түзүү макулдашылды

Орусия, Беларус жана Казакстан Евразия экономикалык биримдигин түзүүнү макулдашышты. Буга чейин Бажы союзуна кирген бул үч өлкөнүн президенттери 2015-жылдан тарта Евразия экономикалык биримдигине кирүү тууралуу келишимге Кремлде жума күнү кол коюшту. Евразия экономикалык биримдигин Орусиянын өндүрүш министри Виктор Христенко жетектейт жана анын баш-кеңсеси Москвада жайгашат.

Орусиянын премьер-министри Владимир Путин келечекте постсоветтик аймакта Еврошаркетке окшош биримдик түзүү планы бар экенин мурдараак айткан болчу. Президент Дмитрий Медведев болсо жаңы биримдикке постсоветтик аймактагы бардык өлкөлөр кошулууга мүмкүнчүлүгү бардыгын билдирген.