Түркия Сирия жарандык согуш алдында турганын эскертти

Түркиянын тышкы иштер министри Ахмет Давыдоглы оппозицияга өтүп кеткен сириялык армиянын жоокерлеринин саны өсүп жаткандыгын белгилеп, өлкө  жарандык согушка баштанып калганын эскертти:

- Түркия Дамаскидеги өз элчилигине кол салууга дипломатиялык жол менен жооп берди. Бирок биз  мындай чабуулдарга каршы, сириялыктардын укуктарын коргоо үчүн алардын катарында турабыз.

Сирияда козголоңчулар менен президент Башар ал-Ассадды колдогон күчтөрдүн кармашы уланууда. Бир катар шаарларда жазыксыз адамдар мерт болуп жатканы кабарланууда. Соңку маалыматта 8 киши, анын ичинде 2 жаш бала набыт болгону айтылды. 

Ушул аптада Араб өлкөлөрүнүн лигасы Дамаск 3 күндүн ичинде кан төгүүнү токтотсун деген талап койгон. 

Франциянын тышкы иштер министри Аллен Жүппе Улуттар Уюму  Сириянын президенти Башар ал-Ассаддын режимине каршы жазаналарды күчөтүүсү зарылдыгын белгиледи.